БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Россиянын Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде ок атылып, сегиз киши каза болду. Алардын арасында жаракат алгандар да бар. Бул тууралуу Тергөө комитетинин өкүлү Светлана Петренко билдиргенин РИА Новости жазды.
Киши курмандыгына себепкер болгон адамдын кармалганы, анын аталган окуу жайдын студенти экени кабарланды. Окуу жайдан октун үнү чыгып жатканы тууралуу маалымат бүгүн эртең менен нөөмөт бөлүмүнө түшкөн.
"Алдын ала маалымат боюнча, каза тапкандардын саны сегиз кишиге жетти. Алтоо жаракат алган", — деп айтылган маалыматта.
Социалдык тармактарда студенттер дүрбөлөңгө түшүп, терезеден секирип жаткан видео тараган.
ИИМ полиция кызматкерлери окуя болгон жерге дароо чыгып кеткенин билдирди.