Мындан ары прокурорлордун балдары кыргыз тилинде тарбияланмай болду

Бүгүн прокуратурага караштуу "Наристе" балдар бакчасында 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Прокуратуранын ведомстволук балдар бакчасында мындан ары мамлекеттик тилде тарбия берилет. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн ведомствого караштуу "Наристе" балдар бакчасында 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлгөн. Ага башкы прокурор Курманкул Зулушев, билим берүү жана илим министри Бактыбек Купешов, Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Сыртбай Мусаев, академик Абдылдажан Акматалиев, тарбиялануучулардын ата-энелери жана жалпы прокуратура органдарынын кызматкерлери катышкан.

"Биз канчалык эне тилибиз тууралуу кеп кылбайлы, маселе тилде гана эмес, тил аркылуу улутту сактап калууда турат. Ал эми улуттун пайдубалы биздин балдарыбыз болот. Ошондуктан наристе кезинен "Мен кыргызмын" "Мен кылым карыткан улуу элдин урпагымын" деп сыймыктануу менен айта тургандай тарбиялашыбыз керек", — деди Зулушев.

Иш-чаранын катышуучулары расмий тилде тарбия берип келген "Наристе" балдар бакчасын мамлекеттик тилге өткөрүү тууралуу башкы прокурордун демилгесин колдоп, бул башка мамлекеттик мекемелерге үлгү болорун айтышкан.