Пермдеги элди аткан студент полиция кызматкерине да ок чыгарган. Чоо-жайы

Тартип сакчысы куралчан студентти жарадар кылгандан кийин чуркап келип, куралын колунан алып, андан соң биринчи жардам көрсөткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде элди аткан студент кирип келе жаткан полиция кызматкерине да ок чыгарган. Бирок тартип сакчы аны жарадар кылып, куралсыздандырып, андан соң биринчи жардам көрсөткөн. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Окуя болгон жерге биринчилерден болуп Пермь шаарынын Жол кыймылы коопсуздугу боюнча мамлекеттик автоинспекциянын Жол кайгуул кызматы келген. Полициянын лейтенанты Константин Калинин имараттын башкы корпусуна кирип, ал эми кесиптеши ага лейтенант Владимир Макаров элди эвакуациялай баштаган. Калинин имараттын ичинен куралдуу адамды көргөн. Аны байкап калган кылмышкер лейтенантты көздөй бир нече ирет аткылаган. Ага жооп кылган тартип сакчысы куралчанды жарадар кылып, чуркап келип, куралын колунан алгандан кийин биринчи жардам көрсөткөн", — деп айткан ИИМдин өкүлү Ирина Волк.

Ал тартип сакчылар учурда жогорку окуу жайдын аймагын көзөмөлдөп тургандыгын кошумчалады.

Эске салсак, бүгүн эртең менен Россиянын Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде студент имараттын ичиндегилерди аткылап, сегиз киши каза таап, 28и жаракат алган. Шектүү кармалган.