Боксчу Мэнни Пакьяо Филиппиндин президенттигине ат салышмай болду

Пакьяо 2022-жылы өтө турчу шайлоого бийликтин "Филиппин демократиялык партиясы — эл бийлиги" партиясы менен барат. Беш жылдан бери сенат болуп келет.
Sputnik

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Боксчу Мэнни (Эммануль) Пакьяо Филиппиндин президенттигине талапкерлигин койду. Бул тууралуу CNN Philippines телеканалына шилтеме берип "Известия" жазды. 

Бокс легендасы Холифилд атаандашы Белфортко техникалык нокаут менен утулган видео
42 жаштагы Пакьяо беш жылдан бери сенатор болуп келет. Ал расмий түрдө бийликтин "Филиппин демократиялык партиясы — эл бийлиги" (PDP-Laban) партиясы менен шайлоого аттанууда.

Бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону 2016-жылдан бери сенатор болуп келет. Филиппинде президенттик шайлоо 2022-жылы өтөт.

Учурдагы президент Родриго Дутерте вице-президент кызматы үчүн гана ат салышат, анткени Филиппиндин мыйзамына ылайык, мамлекет башчылыкка эки жолу талапкер боло албайт.