Бишкекте Фрунзе заводунун аймагынан бомба издеп жатышат

Милицияга бомба тууралуу эки саат мурун чалуу түшкөн. Учурда заводдун аймагында издөө иштери жүрүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Борбор калаадагы Фрунзе заводунун аймагынан бомба изделип жатат. Бул тууралуу Ленин райондук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Жарылуучу зат коюлганы тууралуу жашыруун билдирүү милицияга саат 14:50дө түшкөн.

Бишкекте Фрунзе заводунун аймагынан бомба издеп жатышат

Жерине ыкчам-тергөө тобу, Ленин райондук жана Бишкек шаардык милициянын жетекчилиги чыгып кеткен.

Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана эвакуациялоо максатында заводдун аймагы курчоого алынган. Ошондой эле УКМКнын кызматкерлери дагы келген.

Учурда издөө жана текшерүү иштери жүрүп жатат. Кенен маалымат кийинчерээк берилет.