Эйфель мунарасынан театрга чейин аркан менен баскан дарчы. Видео

Франциялык экстрим Натан Полен асманда аркан менен 670 метр жолду жыгылбай, мүдүрүлбөй басып өткөн.
Sputnik

Бул туурасында жазган RT бул номерин ал Европа мурастарынын күнүнө арнагандыгын жазды.

Дарчынын "сапары" Эйфель мунарасынан башталып каршысында турган Шайо улуттук театрынан аяктаган.

Бул трюкту спортчу ар кыл кырсыктан камсыздаган жипти белине байлап алып жасаган.