Чүйдө жигитти уурдап кетип 100 миң сом талап кылган деп үч киши кармалды

Кылмышка шектелип 27 жаштагы М.И., 26 жаштагы Ж.Д. жана М.С. аттуу жарандар колго түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Чүй облусунда 31 жаштагы эркек кишини уурдап, айыл четине алып барып 100 миң сом талап кылды деген шек менен үч жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 17-сентябрь күнү Чүй райондук милициясына Искра айылында киши уурдалганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге дароо ыкчам-тергөө тобу барган. Териштирүү учурунда болжол менен саат 21:00дөр чамасында бейтааныш бирөөлөр 31 жаштагы М.А. аттуу жаранга карата күч колдонуп, белгисиз тарапка уурдап кеткени маалым болгон.

Чүйдө жигитти уурдап кетип 100 миң сом талап кылган деп үч киши кармалды
"Милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан бул кылмышка шектелип 27 жаштагы М.И., 26 жаштагы Ж.Д. жана М.С. аттуу жарандар кармалды. Териштирүү учурунда шектүүлөр жабырлануучуну Чүй районунун аймагынын сыртына алып чыгып коркутуп, 100 миң сом талап кылышканы аныкталды. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Жазык кодексинин 170-беренеси ("Киши уурдоо") менен КЖБРге катталган.