Эртең Бишкектин айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт. Тизме

Суунун убактылуу токтотулушуна "Контррезервуарлар" суу кампасындагы жана шаар ичиндеги түтүктөрдү оңдоо иштери себеп болууда.
Sputnik

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. 21-сентябрь күнү Бишкектин айрым аймактарында таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Маалыматка караганда, суунун убактылуу токтотулушуна "Контррезервуарлар" суу кампасындагы жана шаар ичиндеги түтүктөрдү оңдоо иштери себеп болууда.

Мындан улам саат 9:00дөн 18:00гө чейин Достоевский, Горький, Ауэзов жана темир жол линиясынын ортосу, ошондой эле Алтын Ордо, Кара-Жыгач, Полиция шаарчасы конуштарында суу болбойт.