Беларуста COVID-19дун төртүнчү толкуну башталганын айтты

Беларустун саламаттык сактоо министри классикалык эпидемиологиялык кырдаал да абалга өзүнүн таасирин тийгизерин айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Беларуста COVID-19дун төртүнчү толкуну башталды, медиктер аны эпидемиологиялык процесстен улам божомолдошууда. Бул тууралуу РИА Новости Беларустун саламаттык сактоо министри Дмитрий Пиневичтин айтканына таянып жазды.

Басылма "Беларуска COVID-19дун төртүнчү толкуну келди", — деген Пиневичтин сөзүн келтирген.

Министр Беларусь медиктери аталган оорунун төртүнчү толкунун эртерээк жарыя кылды деп жатат.

"Эпидемиологиялык процесске ылайык, бул толкун келет жана ал Беларуска жылдын бул мезгилине мүнөздүү болгон биздин классикалык эпидемиологиялык кырдаалга кошулат. Тилекке каршы, аба ырайы деле өзүнүн таасирин тийгизбейт. Андыктан ооруну кездештирип жатабыз", — деген министр.

COVID пандемиясы турак жай тармагын да кризиске учуратты
Анын айтымына караганда, көйгөй өлкөдө ооругандар, ооруканага жаткандардын саны көбөйүп жаткандыгында. Пиневич анткен менен мында чукул кырдаал жоктугун, бирок абал саламаттык сактоо системасынан министрликтин ооруга каршы туруу планына жараша кынтыксыз иштөөнү талап кыларын айтты.

Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы айткандарына таянсак, пандемия башталгандан тарта Беларуста 516 428 адам ооруп, 4004 бейтап көз жумду. Расмий статистика жыл башында республикада 9,35 миллион адам жашаарын билдирген эле.