5 киши өлдү. Алматыда бүлөнү үйүнөн чыгарууга келген сот аткаруучуларга ок атылды

Алдын ала маалыматтарга караганда, окуя Акбулак кичи районунда болгон. Атышуу сот аткаруучулар жаранды үйүнөн чыгарганы келгенде башталганы айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Алматы шаарында атышуу болуп, беш киши көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, окуя Акбулак кичи районунда болгон. Атышуу сот аткаруучулар жаранды үйүнөн чыгарганы келгенде башталганы айтылат. Жеринде эки полиция кызматкери, бир сот аткаруучу жана эки жөнөкөй жаран көз жумганы маалым.

Өз кызматкерлеринин каза болгондугун Алматы полициясынын департаменти тастыктады.

"Мамлекеттик органдарга атышуу боюнча маалымат бүгүн саат 17.20да түшкөн. Сот аткаруучулар аймактык тескөөчүлөр соттун үй ээсин жакындары менен чогуу үйдөн чыгаруу чечимин ишке ашырууга келишкен. Ошол маалда 54 жаштагы жашоочу ок чыгарган", — деп айтылат кабарда.

Ал полиция тараптан кармалганы кошумчаланды.