"Орёл и решканын" экинчи бөлүгү чыкты. Ысык-Көлдө тартылган видео

Бир жума мурун тартуу тобунун саякат тууралуу видеосунун алгачкы бөлүгү чыккан. Анда алар Ош облусун кыдырышкан.
Sputnik

Кыргызстанды кыдырган россиялык блогер кубанычтан жашып... Видео
Бул ирет "Орёл и решка" теледолбоорунун тартуу тобу Ысык-Көл облусуна барды. Видео "Тянь-Шань тоолору — бул даңазалуу, күчтүү жана чыныгы керемет" деген слоган менен чыккан.

Алып баруучу Антон Зайцев бул ирет каражатка чек коюлбаган банк картасына ээ болуп, тик учак менен Тянь-Шанды кыдырууну чечкен.

Ошол эле учурда Анфиса Черных 100 доллары менен Бостеринин пляждарында сейилдеп, аттракциондорго түшүп, ашлям-фу жеп көргөн.

Экөө тең саякат жакканын айткан.

"Орёл и решканын" Оштогу берүүсүн да көрүңүз.