Стюардесса учактын биринчи классынан акысыз орун алуунун жолдорун айтты

Борт коштоочунун айтымында, учактардын куйрук жагы оор болот. Кээде каттам толбой калса тең салмактуулук үчүн жүргүнчүлөргө алдыга отурууну сунушташат.
Sputnik

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Американын авиалинияларынын стюардессасы Сьерра Мистт TikTok социалдык тармагында учактын биринчи классынан бекер орун алуунун үч жолун айтып берди.

Мистт интернетте өзүнүн кесибинин күңгөй-тескейи менен бөлүшүп таанылган.

​Анын айтымында, көбүнчө артта отуруп калгандарда биринчи класстан орун алууга мүмкүнчүлүгү бар.

"Адатта учактын куйрук жагы оор болот. Эгерде каттам толбой калса тең салмактуулук үчүн борт коштоочулар жүргүнчүлөргө алдыга отурууну сунушташат", — деген стюардесса.

Ошондой эле ал кээде тейлөөнү жакшыртуу үчүн экипаж мүчөлөрүнө шоколад берип коюу жетиштүү экенин айткан. Себеби узак учууларда тамактанууга убакыт таппай жаткан кызматкерлер муну сүйүнүч менен кабыл алат.

Борт коштоочу белгилегендей, эгерде жүргүнчү отурган эконом-класста нормадан көп киши болсо которуу сунушун түз эле айта алат.