Ош шаарында РФ жарандары Мамдума шайлоосуна добуш берип жатат. Сүрөт

Учурда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча бир шайлоо участкасы Ош шаарында ачылып, добушун бере турган РФ жарандарын кабыл алууда.
Sputnik

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасына кезектеги депутаттарды шайлоого добуш берүү Ош шаарындагы №8162 шайлоо тилкесинде да өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы жеринен билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган шайлоо тилкеси Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун имаратында жайгашкан. Шайлоо тилкеси саат 8:00дөн баштап иштеп, учурда шайлоочулар добуш берүүдө.

РФтин Ош шаарындагы Башкы консулу Роман Свистин айтымында, шайлоодо добуш берүү үчүн Россиянын 100гө жакын жараны өз ыктыяры менен келип, каттоодон өткөн.

"Алар Башкы консулдукта иштеген кызматкерлер, аскер кызматкерлери жана үй-бүлө мүчөлөрү. Мындан сырткары, учурда өлкөнүн түштүк аймагындагы район, шаарларда жашап жаткан РФтин жарандары келип добушун берсе болот. Жалпы 300дөй шайлоочу өзүнүн добушун бериши мүмкүн деп болжолдоп жатабыз", — деди Свистин. Ал кошумчалагандай, өлкөнүн түштүк аймагына убактылуу келип-кетип турган РФтин 15 миңге жакын жараны бар.

Москвада онлайн шайлоого катышкан 10 жаран акциядан батир утуп алды
Учурда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча бир шайлоо участкасы Ош шаарында ачылып, добушун бере турган РФ жарандарын кабыл алууда.

Эске салсак, бул саясий өнөктүк негизи 17-19-сентябрга белгиленген. Россиянын Мамлекеттик Думасы менен биргеликте аймактык жана муниципалдык шайлоо да кошо өтүп жатат.

Төмөнкү палатанын депутаттары аралаш система менен 5 жылга шайланат. 225 адам партиялык система менен, 225и бир мандаттуу округдан тандалат.