Соода-логистикалык борборду курууну колго алган ишкерлерге мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп, жеңилдетилген салык формасын колдонушат. Мындай маалыматты Марат Асыпбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, өлкөдөгү 12 соода-логистикалык борбордун көбү эл аралык стандарттарга дал келбейт.
"2015-2017-жылдар аралыгында Айыл чарбасын соода-логистикалык багытында өнүктүрүү жана уюштуруу боюнча өкмөттүн токтому чыккан. 2018-жылы аталган концепция программага айланып, 2019-2023-жылдарга чейин түзүлгөн. Учурда биз ушул программа боюнча иштеп, анын алкагында 12 логистикалык борбор курулду. Эми республиканын аймактарында дагы 23 борбор ачуу пландалып жатат. Соода-логистикалык борбор ачууну каалаган ишкер мамлекет тарабынан колдоого ээ болуп, салыктан бошотулат же жеңилдетилген формада колдоно алат. Борборлорду куруу үчүн абдан көп каражат керектелгендиктен, Азия өнүктүрүү банкынан гранттык негизде 100 миллион АКШ доллары бөлүнүп, анын 50 миллиону айыл чарбасын өнүктүрүүгө берилери айтылды. Ага ылайык, ар бир облуста бирден логистикалык борбор куруу пландалууда. Алар Бишкек, Токмок, Каракол, Кызыл-Кыя шаарларында, Сузак, Кара-Суу райондорунда уюштурулары каралууда", — деди Асыпбеков.
Ошондой эле адис эл аралык стандартка жооп берген соода-логистикалык борборлордун ачылышы ЕАЭБ өлкөлөрүнө айыл чарба продукцияларын оңой экспорттоого жол ачыларын кошумчалады.