Марипов токой чарба кызматкерлерин куттуктап, кыргызстандыктардын парзын эскертти

Кыргызстандын токойлорунун 90 пайызга жакыны деңиз деңгээлинен 700дөн 3500 метрге чейинки бийиктикте жайгашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов токой тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып, кыргызстандыктардын табият алдындагы милдетин эскертти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.

Ал аталган тармакта иштегендерге чың ден соолук, бакубатчылык, иштерине ийгилик каалаган.

Марипов токой экосистемасын сактоо ар бир кыргызстандыктын парзы жана милдети экендигин эскерткен.

"Токойлор жалпы улуттук байлык. Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодо, ошол эле учурда экологияны жакшыртууда маанилүү ролду ойнойт. Токой экосистемасын сактоо ар бирибиздин парзыбыз жана маанилүү милдеттердин бири экендигин эстен чыгарбоо керек. Биз кайталангыс табиятыбызды таза сактап, келечек муундарга татыктуу өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз", — деген министрлер кабинетинин жетекчиси.

Ал экологиялык системага кам көрүү туурасындагы алдыдагы иштерди белгилеген.

Марипов шахтерлорду кесиптик майрамы менен куттуктады
"Токойлор биздин планетанын дем алуу органы катары кызмат кылары жалпыга маалым. Биз жыл сайын токойлордун аянтын кеңейтип, жаратылыш коруктарында жана калктуу конуштарда отургузулган дарак көчөттөрүнүн түрүн көбөйтүшүбүз керек", — деген Марипов.

Кыргызстан токою аз аймактарга кирет, токойлор негизинен тоолордогу бак-дарактардан турат жана алар абдан ар түрдүү, баалуу породалар көп. Кыргызстандын токойлорунун 90 пайызга жакыны деңиз деңгээлинен 700дөн 3500 метрге чейинки бийиктикте жайгашкан.