Катардагы жумушчудан өкмөт башчыга чейин. Апас Жумагуловдун сүрөттөгү ирмемдери

Sputnik

Апас Жумагулов 1934-жылы 19-сентябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында жарык дүйнөгө келген. Балалыгы согуш жылдарына туш келгендиктен атасы фронтко аттанган. Ошондо жаш жигит ооруган энесин багып, бир тууган эжеси менен колхоздогу уйларды караган.

Нигматулин сүйүүсүнө жолуккан тасма. "Кырчын өмүр, кыйылган сүйүүдөгү" ирмемдер
Үй-бүлө башчысы фронттон аман-эсен кайтып келгенден кийин Фрунзедеги мектеп-интернатта окуп, өз күчү менен Москвадагы Губкин атындагы нефть жана газ мамлекеттик университетине өткөн. Бөтөн шаарда студент акчанын аздыгынан Кыргызстанга жылдап келе албай, дем алыш күндөрү сыра заводдо жүк ташып, поезд станцияда көмүр түшүрүп тыйын тапкан. Жогорку окуу жайды 1958-жылы ийгиликтүү аяктаган инженер-геолог ошол эле жерде аспирантурада окуп, лаборант, геолог, башкы геолог, башкы инженер болгонго жетишет. Кийин Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев анын жөндөмүн байкап, 1973-жылы Борбордук комитетке бөлүм башчы кылып жумушка чакырган. Мамлекеттик ишмер андан соң Компартиянын катчысы, Ысык-Көл обкомунун биринчи катчысы, Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы, Жогорку Советтин бир нече чакырылышынын депутаты болуп, бүт кызматтык тепкичтерди басып өтөт.

Ошол эле маалда илимий изилдөөлөрүн да улантып, геология-минералогия илимдеринин доктору болгонго жетишет. Илимпоз өлкө көз карандысыз болгондон кийин Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы, өкмөт башчысы, беш жыл Германияда, эки жыл Россияда элчи болуп иштеген. 

Байбичеси менен төрт уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн. I даражадагы Манас орденинин ээси. Азыр үйдүн төрүнүн көркү гана болбостон, жогорку кызматтагы аткаминерлерге да акыл-насаатын айтып келет.

1 / 13
Ардактуу эс алуудагы мамлекеттик ишмер 87 жашка толду
2 / 13
Москвадан билим алып келген Апас Жумагулов кендерде геолог, башкы геолог, башкы инженер болуп иштеген. Сүрөттөн оң жакта биринчи турат, 1961-жыл
3 / 13
Кочкор-Атада иштеген жаш Жумагулов кесиптештери менен, 1971-жыл
4 / 13
Болочоктогу өкмөт башчысы студент кезинде эле жайкы каникулда шахтада, экспедицияда иштеген. Сүрөттө Апас Жумагулов курсташы Гера Пудон менен
5 / 13
СССРдин президенти Михаил Горбачев, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Апас Жумагулов жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов. Бишкек, 1991-жыл
6 / 13
Турдакун Усубалиевге жарманкенин жүрүшү боюнча маалымат берип жаткан жаш Жумагулов, 1984-жыл
7 / 13
Кыргызстандын элчиси Жумагулов Германиянын президенти Роман Херсогго ишеним грамотасын тапшыруу учуру, 1998-жыл
8 / 13
Карапайым эл менен жолуккан өкмөт башчы. Жумагулов 1986-91-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы болгон
9 / 13
Илимпоздун аракети менен Пенза облусунда цемент заводу ачылган. Жумагулов анын долбоорлоонун башында турган
10 / 13
Белгилүү хирург Мамбет Мамакеевдин 90 жылдыгында. Ортодо Апас Жумагулов замандаштары менен
11 / 13
Мамлекеттик ишмер байбичеси менен төрт уул, эки кызды тарбиялап чоңойткон. Сүрөттө жубайлар уул-кыздары, неберелери менен
12 / 13
Жалпы жонунан 50 жылдан ашык түрдүү мамлекеттик кызматтарда эмгектенген
13 / 13
Лыжа тебүүнү жактырган пенсионер эс алуу маалында, 2005-жыл