Балдарда аныкталган RSV вирусу эмнеси менен кооптуу экени айтылды

Адистин айтымында, балдардын көбү вирусту симптомсуз көтөрөт, бирок айрымдарында оорлошуулар болуп, бир катар кыйынчылыктарга кептейт.
Sputnik

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Респиратордук-синцитиалдык вирус (RSV) көп тараган оорулардын бири, жабыркаган балдардын дээрлик 99,9 пайызы симптому жок өткөрөт. Бул тууралуу "Известияга" Борбордук эпидемиология илим изилдөө институтунун молекулярдык диагностика борборунун дарыгер-эпидемиологу Тимур Пестерев билдирди.

Эске салсак, буга чейин Вашингтондогу эки балдар ооруканасында RSV вирусун жуктуруп алгандардын саны көбөйгөнү айтылган. Бейтаптардын саны көбүнчө кыш мезгилинде көбөйө турганы, бирок учурда бейтаптар адаттагыдан көп болуп жатканы белгиленген. Ошондой эле адистер муну коронавируска каршы көрүлүп жаткан чаралардын жумшартылышы менен да байланыштырган.

"Вирус жаңы эмес, көп тараган оору. Аба ырайы жылуу өлкөлөр көп жабыркайт. Респиратордук-синцитиалдык вирус — балдардын гана дарты", — деген дарыгер.

Адис ооругандардын дээрлик бардыгы симптому жок көтөрө турганын билдирген. Бирок айрымдарында оорлошуулар болуп, бронхитке жана пневмонияга өтөт, көңүл бурбаса өлүмгө да алып барат.