Жакында эле жарык көргөн "Тобокелдик" ("Peril") китебинде журналистиканын 78 жаштагы патриархы АКШнын Штаб жетекчилеринин бириккен комитетинин төрагасы Марк Миллинин сөзүн келтирет. Айтымында, ал 6-январдагы окуядан соң Трамп кетеринде бир чуу салып кетет деп катуу чочулап, өзөктүк сокку уруу жөнүндөгү чечим кабыл алуу алгоритмин өзгөрткөн. Ошол билдирүү жана Кошмо Штаттардын өзөктүк курал жаатындагы жагдайга Виктория Никифорова баам салган.
Мыйзамга ылайык, АКШ президенти аскер жетекчилери, эң оболу Штаб жетекчилеринин бириккен комитетинин төрагасы менен консультация өткөргөн соң өзөктүк ракеталарды коё берүү жөнүндө буйрук берет. Аскерлердики кеңеш берүүчү гана добуш. Бирок Милли офицерлерди бул жааттагы Трамптын бардык буйруктары алгач ага маалымдоону буюрган, андан ары эмне кылышты өзү чечмек.
Бул аз келгенсип Трампка кабарлабастан генерал Милли өзүнүн кытайлык кесиптешине – Борбордук аскердик кеңештин Бириккен штабынын жетекчиси Ли Цзочэнго телефон чалып, кокус бир нерсе болуп кетсе кабатырланбоону өтүнгөн. "Эгер биз сиздерге кол сала турган болсок, генерал Ли, мен сизге кабарлап коём. Бул күтүүсүз болбойт", – деген ал.
Байдендин келиши менен кырдаал жакшыра түштүбү? Анткен жери жок. Афганистан туурасында суроолорго жооп алуу үчүн АКШнын башкы командачысын конгресске чакырышкан. Бирок Байдендин башка иштери чыгып калыптыр. Конгрессмендердин алдында ал үчүн жагдайдан таптакыр кабары жок мамлекеттик катчы Блинкен "соккуга калды".
"Деги бизде ким баарына жооп берет? Ким чечим кабыл алат?" — деп сурады андан сенатор Риш. Ал Калифорниядагы өрт боюнча кызмат өкүлдөрү менен жолугушуусунун эң кызуу жерине келгенде президенттин сөзүн эфирден кесип салышканын Блинкендин эсине салды.
Өлкөнүн Башкы штабынын жетекчиси башка мамлекеттин башкы штабындагы жолдошуна телефон чалып: "Кабатыр болбо, кокус силерди жардыра турган болсок, кабарлап коём" дегени да чындап эле кызык, анан да күдүк ойлорго түртпөй салбай койбойт.
Кошмо Штаттар кадимки, өзөктүк, биологиялык жана химиялык курал кору боюнча айныгыс чемпион эмеспи. Сүйлөп жаткан эфирин өчүрүп сала алышкан карыя жолбашчы ушул тапта дүйнө жүзүндө эң күчтүү армияны тескейт.
Rand корпорациясынын маалыматы боюнча, 2014-жылы эле Пентагондо "Үчүнчү калыптануу" (The Third Offset) деп аталган кандайдыр бир табышмактуу планды талкуулоого киришкен. Анда АКШнын негизги аскердик каршылаштары болжол менен күчтөрү бирдей Кытай менен Россия болору камтылган. Аларды жеңүү Америкага жаңы көп полярдуу дүйнөдө үстөмдүктү камсыздап бермек.
Афганистан же Ирак өңдүү кенедей өлкөлөр унутта калып, күчтүн баары кудуреттүү державаларга каршы күрөшүүгө топтоштурулмак. Бул үчүн армия супертехнологиялык болуп, роботторго, жасалма интеллект, космостук технологияларга, кибер күчтөргө ээ болууга тийиш эле. Эмне үчүн "Үчүнчү калыптануу"? Алгачкысы – Корея согушунан кийинки АКШ армиясынын технологиялык кайра жаралуусу. Экинчи катары технологиялык секирик Вьетнамдагы согуштан утулгандан кийинки тирдениши айтылса керек. Үчүнчү калыптануу террорчулукка каршы согуштун аягына пландалган.
Анткен менен андай демилге колдоо тапкан эмес. Бирок 2018-жылы Трамптын тушунда улуттук коргоо стратегиясы кабыл алынган. Кошмо штаттардын башкы душмандары катары анда да дал Кытай менен Россия, ал эми болочоктогу согуштук аракеттердин негизги театры катары Индия жана Тынч океандын акваториясы белгиленген.
"Үчүнчү калыптануу" — чөлдө талибдерди кубалагандай эмес, башка стратегия, бөлөкчө курал, башка суммадагы каражат. Трамптын тушунда Пентагондун бюджети 700 миллиард доллардан ашып кеткен.
Жасалма интеллект бир топ жолу таң калыштуу каталарды кетиргенине дүйнө күбө. Мисалы, 2003-жылы Ирак согушу башталган тушта учкучсуз учурулган америкалык "Патриот" ракеталары жаңылыштык менен адегенде британиялык, андан соң америкалык истребителдерди атып түшүргөн. Алардын учкучтары ошентип кокустуктан шейит болгон. Жакында эле Германиядагы америкалык Рамштайн базасындагы эрте маалымдоо системасы жалган сигнал берген. Дал ошол маалда Балтика деңизинде россиялык Аскер-деңиз флотунун машыгуулары өтүп жаткан эле. Компьютер окуу алкагында ракеталардын коё берилишин чыныгы сокку катары кабылдаган экен. Ошентсе да америкалык өнөктөштөр өзөктүк куралдануу жаатында жасалма интеллектти пайдаланууну пландоодо. Анан калса ракета коё берүү жөнүндө чечим кабыл алуу сымал өтө сезимтал багытында колдонулушу мүмкүн.
Америкалык коргоо жаатындагы басылмалар, ошол эле Rand корпорациясы коркунучту таап, ажыра билүү жана чечим кабыл алууда компьютер кантип ката кетирери туурасындагы ондогон сценарийлерди сүрөттөшкөн. Мисалы, аны атмосфералык өзгөчө көрүнүш деле жаңылтып коё алат. Компьютер аны душмандын ракетасы катары кабылдап, ага өз ракеталарын багытташы ыктымал. Аны байкаган каршылаш тарап чыныгы ракетасын чыгарып, ошентип кыямат-кайыңга кептеп коюшат деп чочулайсың.
Жасалма интеллектке буйрук берип, андан соң "түпкүрдөгү мамлекеттеги" белгисиз олигархтар тарабынан кабыл алынган чечимди компьютердин катасы деп кутулууну көздөшөбү?
СССРдин курамындагы республикалар өзүнчө бөлүнүп жатышкан 1990-жылдары америкалык өнөктөштөр кандай гана чуу салышпады. Талап-тоноо, өзөктүк куралдын аткезчилиги жөнүндө канча жоромолдорду жайышпады. Алардын эч бири орундалган жок. Советтик цивилизация соңку сыноону татыктуу жеңип, өзөктүк куралын сактап, жалпыга толук коопсуздукту камсыздап берди. Америкалыктардын өз ракеталарына мамилеси да кызык. Кезегинде Билл Клинтондун ракеталарды коё берүү коддорун (сыр сөздөрүн) жоготуп алганы аргасыз эске түшөт. Көпкө издеп убара тартышканы жаңылыктардан маалым. Эгер америкалык элитанын интеллекти ушундай болсо, анда алардын жасалма интеллекти кандай иштейт? Эл аралык коомчулук АКШнын өзөктүк кнопкасынын тегерегиндеги абалга көңүл бурууга учур келгендир...