10 жашар фермер ата-энесине үй сатып алууга жардам берди. Видео

Калининграддык окуучу Алик Гордюков чарба менен алектенип, үй-бүлөсүнө жардам берип келет. Мини-фермасын жеткинчек батирдин ичине эле жасап алган.
Sputnik

Бала бөдөнө менен тоок багат. Кечээ жакында эле эчки менен огороддуу болгон.

"Жаш багбанга керектүү нерселердин баарын, топурак, семичке алдым. Семичкени топуракка көмүп, терезеге коюп койдум да суудан өксүк кылган жокмун", — деп айтып берген Алик.

Сокулукта 20дан ашык бала баккан үй-бүлө спорт зал куруп алды. Сүрөт
Ал акча топтоп ата-энесине ипотеканын алгачкы төлөмүн төлөөгө жардам бергени айтылат. Баланын энеси Людмила Курбонова 60 миң рубль жетпей жатканда уулу акчасын алып чыгып: "апа, бул атам экөөңөргө" деп бергенин айтып берди. Алик 50 миң рубль топтоого жетишкен экен.

Жеткинчек багбанчылыктын бардык сырын өздөштүргөн. Инкубатордун пайда болушу менен мини-фермасы гүлдөп жатат. Алик тоок, балапан, бөдөнө сатып, ушу тапта ата-энесине үйүн оңдоп-түзөөгө жардам берүүдө.