Экс-премьер Жоомарт Оторбаев камакка алынды

Мурдагы өкмөт башчы Кумтөрдү иштетүүдө Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн жок кылууга макулдугун берген деп айыпталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев УКМКнын тергөө абагына камалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматта ал тергөө бүткөнгө чейин абакта болору айтылат. Баш коргоо чарасы Биринчи май райондук соту тарабынан тандалган.

Атайын кызмат Оторбаевди "Кумтөр" кенин иштетүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында 16-августта кармаган. Ал Кумтөр Голд Компанинин (Центерра Голд Инк.) кызыкчылыгы үчүн буйрук чыгарып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн жок кылууга макулдугун берген деп айыпталууда.