Өзбекстанда Кыргызстандан ири көлөмдө баңгизат ташыган адамдар кармалды

Пахта-Абад районунун эки тургуну 7,5 миң долларга бааланган 1 килограмм гашиш сатып жаткан жеринен колго түшүрүлдү.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Өзбекстандын Анжиян облусунун баңгизатка каршы күрөшүү кызматы Кыргызстандан ири көлөмдө наркотикалык каражат ташып жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады. Бул тууралуу облустук милицияга шилтеме берип Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

"Пахта-Абад районунун эки тургуну 7,5 миң долларга бааланган 1 килограмм гашиш сатып жаткан жеринен колго түшүрүлдү. Алар Кыргызстандан Өзбекстанга ири көлөмдө баңгизат ташышчу", — деп айтылат кабарда.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери улантылууда.