COVID: кайсы учурда адам мөөнөтүнөн мурда кайталап эмделиши керек

Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги вакцинаны алты айдан кийин кайталап алууну сунуштап жатат. Дарыгер вакцинаны андан мурда алып алса эмне болорун түшүндүрдү.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Коронавируска каршы кайталап эмдөөнү белгиленген мөөнөтүнөн мурда алып алса эмне болорун Sputnik радиосунун эфиринде медицина илимдеринин кандидаты, иммунолог Николай Крючков айтып берди.

Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги вакцинаны алты айдан кийин кайталап алууну сунуштап жатат.

"Алгачкы эмдөөдөн алты ай өткөн соң создуктуруп жүрө бербей, кайталап алуу керек. Анткени антитело таптакыр жок болуп кете электе кайрадан препаратты алып, иммунитетти бекемдеп коюу кажет", — деди ал.

Ошондой эле дарыгер экинчи ирет вакцинаны алты айга жеткирбей алып алса эмне болорун түшүндүрдү.

"Мөөнөтүнөн эрте алып коюу анчалык чоң зыян алып келбейт, бирок пайдасы деле көп эмес. Ошондуктан туура алты ай өткүчө күтө турган жакшы", — деди медик.

Адистин айтымында, вакцинаны үч учурда мөөнөтүнөн мурда алууга болот. Биринчиси — эпидемиологиялык абал турукташа элек мамлекетке кетчү адам, экинчиси — иммунитети бир топ түшүп кеткендер. Ошондой эле 70-80 жаштан өтүп калган кары-картаңдарды 4-5 айдан кийин кайра эмдей берсе болот.