БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Гонконг политехникалык университетинин окумуштуулары COVID-19га каршы антителонун деңгээлин ар ким өзү текшерип ала турган каражат иштеп чыгып, ал клиникалык сыноо алдында турат. Бул тууралуу Medical Express медициналык басылмасы жазды.
"SARS-CoV-2 жукканда организмде автоматтык түрдө антитело пайда болот. Бирок ал канча убакыт жүрөрүн эч ким билбейт. Ушул тапта антитело барбы, деңгээли канчалык экенин билүү үчүн атайын убакыт бөлүп лабораторияга баруу керек. Ал жерде оңой эмес акча төлөп, жыйынтыгын күтүүгө туура келүүдө", — деди изилдөөгө катышкан окумуштуулардын бири.
Ошол себептүү кош бойлуулукту аныктаган тест сыяктуу эле дарыканадан ар бир адам өзү сатып алып, бир нече мүнөттө организминдеги антителону аныктоочу каражат ойлоп табуу зарылдыгы пайда болгон.
"Желимден жасалган бул каражаттын бир даанасы 1 доллар деп бааланууда. Анын атайын сызыгына бир тамчы кан же шилекейди тамчылатып, 5 мүнөт күтүп туруу керек. Андан кийин жыйынтыгын карай берүүгө болот", — деп айтылат кабарда.
Авторлор бул каражат антителонун деңгээлин так көрсөтөрүн айтып, эми аны расмий түрдө клиникалык сыноодон өткөргөнү жатканын кошумчалашты.