Чүйдө 15-20 миң долларлык кочкорлордун көргөзмөсү өтүп жатат. Видео

Көргөзмөгө Жеке фермерлер ассоциациясынын өкүлдөрү жана асыл тукум мал баккан тажрыйбалуу фермерлер катышууда.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Чүй облусунда "Арашан" тукумундагы кыргыз койлорунун көргөзмөсү өтүп жатат.

Аталган иш-чара Айыл, суу чарбасы жана региондорду өнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен бүгүн, 18-сентябрда, Жайыл районунун Ак-Башат айылында уюштурулган.

Көргөзмөгө Жеке фермерлер ассоциациясынын өкүлдөрү жана асыл тукум мал баккан тажрыйбалуу фермерлер катышууда.

Жеринде жүргөн Sputnik Кыргызстандын кабарчысы кээ бир кочкорлор коноктордун көңүлүн буруп, баасы көтөрүлүп жатканын билдирди.

Мисалы, Франклин деп аталаган "Арашан" тукумундагы эки жаштагы кочкордун салмагы 166 килограмм, боюнун узундугу 1,1 метр. Аны 7000 долларга сатып алган, бирок ээси кайра сатуу ниети жоктугун билдирди. Ошого карабай бүгүн 15 миң долларга сурагандар болгонун айтат.

Кыргызстан салмагы 180 килограммга жеткен койдун жаңы тукумун каттады
Люксембург айылынан келген фермер Валуев (кара моюнча тагылган) жана Вованыч (кызыл моюнча тагылган) аталышындагы кочкорлору 20 миң долларга бааланганын билдирди. Вованыч үч жашка чыга элек, салмагы 190 килограмм. Ал былтыр асыл тукум койлордун конкурсунда чемпион болгон.

Учурда "Арашан" койлорунун бою, салмагы боюнча сынак жүрүп жатат.

"Арашан" гиссар менен кылчык жүндүү койдун ортосунан чыккан малдын жаңы тукуму. Бул туурасында буга чейин Айыл, токой жана суу чарба министрлигинин кыргыз мал чарба жана жайыт илим изилдөө институтунун кой-эчки өстүрүү жана аргындаштыруу бөлүмүнүн башчысы Рахатбек Ибраев билдирген. Мындай койлор тууралуу кенен маалымат менен Sputnik Кыргызстандын материалынан тааныша аласыздар.