Жапаров Тажикстандан түз эле Ошко келди

Мамлекет жетекчисинин коңшу өлкөгө сапары эки күнгө созулду. Анда ЖККУ жана ШКУ саммити өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Тажикстанга барган президент Садыр Жапаровдун сапары жыйынтыкталып, Ош шаарына келгенин өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, мамлекет жетекчиси Душанбе шаарында 16-17-сентябрь күндөрү өткөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумуна катышты. Жыйынтыгында декларациялар кабыл алынып, бир катар документтерге кол коюлган.

"Иш сапары аяктаган соң президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, "Өзгөн-Мунара-2021" этнофольклордук фестивалына катышуу үчүн Ош шаарына келди", — деп айтылат маалыматта.

Өзгөн шаарында өтө турган иш-чара саат 20.25те башталмакчы.