УКМК "Кумтөрдү" иштетүүдө 200 млн. доллар чыгарып кеткендерге издөө жарыялады

Тергөө учурунда канадалык "Центерранын" топ менеджменти менен "Кумтөр" кенинин чет элдик оператору 2013-жылдын декабрь айында 200 миллион долларды ээлеп алганы боюнча далилдер алынганы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Тергөө тарабынан "Центерранын", "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКтын жетекчилик кызматтагы адамдары сыртынан жоопко тартылып, издөөгө алынды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин ведомстволор аралык тергөө тобу "Кумтөр" кени боюнча коррупциялык фактыларга карата козголгон кылмыш ишин иликтөөнү улантып жатканы белгиленген.

"Тергөөдө канадалык "Центерранын" топ менеджменти менен "Кумтөр" кенинин чет элдик оператору 2013-жылдын декабрь айында 200 миллион долларды ээлеп алып, чет элдик компаниянын эсебине которуп бергени боюнча далилдер алынды", — деди УКМКдан.

Бул факт боюнча тергөө тарабынан "Центерранын" мурдагы президенти Ян Аткинсон, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Андрей Сазанов жана Майкл Фишер, "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКтын финансы боюнча вице-президенти Джон Сютерлер сыртынан жоопко тартылып, издөө жарыяланды.