Дарыгер: смартфондор дагы бир пандемияга себепкер болушу мүмкүн

Телефондорду текшерип көргөндө бактерия, вирус сыяктуу мителер көп экени аныкталган. Ошондой эле жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн адамдын организминде оору козгой турган патогендери болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Смартфондор дагы бир пандемияга себепкер болушу мүмкүн. Бул тууралуу Бонд университетинин (Австралия) окумуштууларынын иликтөөсүнө таянып Daily Mail жазды.

Дарыгер смартфон аркылуу кандай кооптуу оорулар жугарын айтып берди
Университеттин доценти, дарыгер Лотти Таджури кесиптештеринин операцияга даярданып колун жуугандан кийин дагы телефондорун көп кармарын байкап, иликтөө жүргүзүп көрүүнү чечкен. Анын алкагында 165 медиктин мобилдик телефону текшерилген.

Жыйынтыгында бардык аппараттарда бактерия, вирус сыяктуу мителер көп экени аныкталган. Ошондой эле жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн адамдын организминде оору козгой турган патогендери болгон.

"Анын баары кол аркылуу кишиге жугат. Андыктан телефонду үчүнчү кол сыяктуу элестетип, маал-маалы менен дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуп, тазалап туруу керек", — деди Таджури.

Мындан улам адис саламаттык сактоо тармагындагы жетекчилерди кайсы бир кооптуу оору смартфон аркылуу тарап кете электе коопсуздук тууралуу ойлонууга чакырды.