Рахмондун сыйын көргөн президенттер. Достук кеченин видеосу

Өкмөт үйүнүн атайын бөлүнгөн аймагында Эмомали Рахмон конокторго айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсүн көрсөткөн.
Sputnik

ЖККУ жана ШКУга мүчө мамлекеттердин Душенбедеги Өкмөт үйүндө өткөн жыйыны аяктагандан кийин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келген конокторго достук кечесин уюштурду. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги президенттин маалымат кызматына таянып кабарлады.

Билдирмеге караганда, Өкмөт үйүнүн атайын бөлүнгөн аймагында Эмомали Рахмон конокторго айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсүн көрсөткөн. Анда мөмө-жемиш, кургатылган жемиш, коон, дарбыз жана өлкөнүн улуттук тамак-ашы өзгөчө кооздолуп коюлган.

ЖККУ саммитинде декларация кабыл алынып, бир нече документке кол коюлду. Тизме
Кечеге Беларусь башчысы Александр Лукашенко, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Пакистан ислам республикасынын өкмөт башчысы Имран Хан катышты.

Достук кечеси Тажикстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жана Шанхай кызматташтык уюмунун 20 жылдыгына арналган.

Маалым болгондой, коноктор жылуу, достук маанайда сүйлөшүп, меймандостугу үчүн Тажикстан президентине ыраазычылык билдиришкен.