Жапаров ШКУ саммитине катышуу үчүн "Кохи Навруз" комплексине келди

Жапаровду комплекстен Тажикстандын ажосу Эмомали Рахмон тосуп алды. Андан соң саммитке катыша турчу өлкө лидерлери чогуу сүрөткө түшүштү.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин кеңешинин отурумуна катышуу үчүн Душанбе шаарындагы "Кохи Навруз" комплексине келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жапаровду комплекстен Тажикстандын ажосу Эмомали Рахмон тосуп алды. Андан соң саммитке катыша турчу өлкө лидерлери чогуу сүрөткө түшүштү. 

Жапаров ШКУ саммитине катышуу үчүн "Кохи Навруз" комплексине келди
"Президенттер уюмдун алкагындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн жыйындар залына кирип кетишти", — деп айтылат маалыматта.

ШКУ саммитине бирикмеге мүчө мамлекет башчылары катышат. Алар: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан. Ошондой эле байкоочу макамы бар мамлекеттердин (Афганистан, Беларусь, Иран жана Монголия) лидерлери да бар. 

Жапаров ШКУ саммитине катышуу үчүн "Кохи Навруз" комплексине келди

Мааракелүү саммитке ардактуу мейман катары Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов катышат.

Эске салсак, дагы алты өлкө уюмдун диалог боюнча өнөктөш макамына ээ (Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка).

Бүгүн биринчи жолу Шанхай кызматташтык уюму жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын жолугушуусу дагы болот.