ЖМК: Орхан Инандынын соту башталды, ал Түркия жарандыгынан баш тартты

Анкарада кечээ күнү Кыргызстандын жаранынын соттук процесси башталды. Анкаранын прокуратурасы соттон Инандыны 15 жылдан 22,5 жылга чейин эркинен ажыратууну сурап жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. "Сапат" лицейлер тармагынын жетекчиси Орхан Инанды түрк жарандыгынан баш тартуу боюнча арыз жазды. Бул тууралуу En son haber жергиликтүү басылмасы жазды.

16-сентябрда Анкарада Инандынын иши боюнча соттук процесс башталды. Ал сот отурумуна абактан видео байланыш аркылуу катышты.

Режеп Эрдоган менен Орхан Инандынын чогуу түшкөн сүрөтү интернетке тарады
Соттолуучу колдору сынганына байланыштуу сот ишине даярдана албай калганын айтып, кошумча убакыт берүүнү өтүндү.

Инанды Кыргызстандын жараны болгону үчүн Түркиянын соту аны жоопкерчиликке тартууга укугу жок экенин жана Түркиянын жарандыгынан чыгууга арыз жазганын билдирген.

Сот аны камакта калтырып, кийинки жыйынды 23-ноябрга белгиледи.

Анкаранын прокуратурасы Орхан Инандыны 15 жылдан 22,5 жылга чейин эркинен ажыратууну сурап жатат. Ага "Куралдуу террористтик уюмду башкарган" деген айып тагылууда.

Орхан Инандынын жоголушу

ШИИБ: Инанды Түркия жарандыгынан баш тартпай, эки паспорт колдонуп жүргөн
"Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инанды 1-июндун түнүнөн бери дайынсыз болуп жаткан. Анын автоунаасы Октябрь районундагы Малдыбаев көчөсүндө Ала-Арча суусунун жээгинде эшиги ачык калган тейде табылган. Президент Садыр Жапаров аны табуу үчүн кошумча күч тартууну тапшырган. Ички иштер министрлиги Инандыны 1000ден ашуун милиционер издеп жатканын билдирген.

Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны эки жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеген деген маалымат тараткан. Инандынын табылышын талап кылган жарандар Өкмөт үйүнүн алдына бир нече жолу митингге чыгышкан.

Ал эми 5-июлда Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Инанды өлкөгө алып келингенин жар салган.