30 жаштагы Назгүл Лосникова Бишкектин Билим берүү башкармалыгын жетектемей болду

Жаңы жетекчи Назгүл Лосникованы шаардык кеңештин депутаттарына тааныштырышты. Ал буга чейин өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн адиси болуп иштеген.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгына жаңы жетекчи болуп Назгүл Лосникова дайындалды. Бул тууралуу шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди.

Буга чейин Лосникова өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн адиси болуп иштеген.

Мындан тышкары, өзү Билим берүү жана илим министрлигинде, КР президентинин администрациясынын бөлүмдөрүнүн биринде дагы эмгектенгенин айтты. Эки жогорку билими бар.