Мигранттар Кыргызстанга 1,5 млрд. долларга чукул акча которду. 7 айдын жыйынтыгы

Өлкөгө январь-июль айларында жарандардын акча которуулары боюнча эң жакшы көрсөткүч 2018-жылы катталган. Анда атайын система аркылуу бир жарым миллиард доллардан ашык каражат түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Кыргызстанга ушул жылдын январь-июль айларында 1 миллиард 494,7 миллион доллар которулганын Улуттук банк билдирди. Кеп жарандардын атайын система аркылуу жиберген каражаты тууралуу болуп жатат.

Өткөн жылдын ушул мезгилинде өлкөгө 1 миллиард 226,9 миллион доллар түшкөн.

Быйылкы жылдын башындагы маалыматтар (кашаанын ичинде 2020-жылдыкы менен салыштырылат):

  • январь — 151,5 миллион доллар (3 миллионго көп);
  • февраль — 177,1 миллион (12 миллион);
  • март — 214,3 миллион (70,3 миллион);
  • апрель — 216,2 миллион (139,9 миллион);
  • май — 227,2 миллион (61,9 миллион);
  • июнь — 266,9 миллион (11 миллионго аз);
  • июль — 241,5 миллион (8,2 миллионго аз).

Пандемиянын Кыргызстандагы ишканаларга тийгизген таасири. Статистика
Өткөн жылдын башында өнөктөш мамлекеттер пандемияга байланыштуу чектөөлөрдү киргизгендиктен Кыргызстанга түшкөн акчанын көлөмү азайган. Ал эми июнь жана июль айларынын көрсөткүчтөрү өткөн жылдын ушул айларына салыштырмалуу кыскарган.

Эгерде биз жети айдын көрсөткүчтөрүн жылдар менен салыштыра турган болсок, анда учурдагы маалыматтар көлөмү боюнча экинчи катарда турат. Биринчи рекорд 2018-жылдын январь-июлунда катталып, каражат 1 миллиард 508 миллион долларга жеткен.