УКМК кылмыштуу топтор каткан автоматты ок-дарысы менен тапты

УКМКнын алдын ала алынган маалыматы боюнча, курал жана октор өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн даярдалган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Чүй облусунун Аламүдүн районунда курал жана ок-дары катылган жай табылды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан катылган АК-74 куралы жана калибри 5,45×39 миллиметр болгон ок-дары жашырылган. Алдын ала алынган маалымат боюнча, мунун баары өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн даярдалган.

Учурда алынган куралды жашырган адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

УКМК жарылуучу зат жана курал-жарактарды өз ыктыяры менен тапшырган адамдар кылмыш жоопкерчилигинен бошотуларын эскертти.