83 кишиден коронавирус табылып, эки бейтап көз жумду. Соңку статистика

Өлкөдө эпидкырдаал турукташып калганы байкалууда. Азыркы учурда стационарда 589 бейтап дарыланып жатканы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 83 кишиден коронавирус аныкталып, 113 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 31;
  • Чүй облусу – 17;
  • Ош облусу – 4;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 6;
  • Ысык-Көл облусу – 12;
  • Жалал-Абад облусу – 8;
  • Баткен облусу – 1.

Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 177 567ге жетип, анын ичинен 172 015 киши дартты жеңген.

Кечээтен бери оору эки адамдын өмүрүн алган. Ушуну менен коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 2 583кө жетти. Азыркы учурда стационарда 589, ал эми амбулатордук шартта 910 адам дарыланып жатканы айтылды.