Медик: коронавирустан ооруп айыккандарга шиш така кийүү кооптуу

Коронавирустан кийинки синдром учурунда тромб пайда болуу тобокелчилиги 30 пайызга өсөт. Ал эми шиш така кийүү бул ооруну күчөтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Коронавирус менен ооруп айыккандарга шиш така кийүүгө болбойт. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору Сергей Токаревдин айтымына таянып URA.RU басылмасы жазды.

Медик белгилегендей, коронавирустан жаңы айыккан учурда шиш така кийүү кан айлануу функциясынын бузулуусун бир нече эсеге күчөтүп жибериши ыктымал.

"Коронавирустан кийинки синдром учурунда тромб пайда болуу тобокелчилиги 30 пайызга өсөт. Бул буттагы веналарга да тиешелүү. Шиш така бул ооруларды ого бетер күчөтөт", — деген Токарев.

Ал коронавирустан жаңы сакайган аялдарга шиш такадан баш тарта турууну сунуштаган. Себеби ал бутка жана венага кошумча күч келтирет. Ошол себептен адис жалпак бут кийим кийүүнү эскерткен.