Эскертүү! 20-сентябрдан тарта төрт күнгө Боомдо кыймыл чектелет

Жол тазалоо учурунда ары-бери каттаган автоунаалар үчүн трассанын бир тарабы ачык болору айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен.— Sputnik. Боом капчыгайында келе жаткан жумада таш кулатуу иштери башталарын "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясынан билдирди.

Жолчулар 20-сентябрдан 24-сентябрга чейин Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 131-чакырымында, тагыраагы, Боом капчыгайында таш кулатуу иштерин жүргүзөт. Мындай иштер таш кулап, кооптуулук жараткан кырдаалды алдын алуу максатында жүргүзүлүп келет.

Аталган иштер күндүз саат 9:00дөн 15:00гө чейин болот. Жолду тазалап жатканда ары-бери каттаган автоунаалар үчүн трассанын бир тарабы ачык болору айтылды.