БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Россиянын жашоочуларынын 24 пайызында айлык көбөйгөндүгүн "Работа.ру" изилдөө кызматы сурамжылоо жүргүзүп тактап чыккан. Бул туурасында "Говорит Москва" порталы билдирди.
Жалыйна төмөнкүдөй көбөйгөн:
- Үчтөн бири өнөр жай жана өндүрүш жаатында иштегендер;
- 24 пайызы логистика;
- 12 пайызы курулуш;
- 8 пайызы IT жана телеком;
- 6 пайызы кафе, ресторандарда эмгектенери айтылды.
Сурамжылоо өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлүп, ага 18 жаштан өйдө курактагы респонденттер катышкан.