Алия Шагиева атасы Алмаз Атамбаевге арнап аянтта акция уюштурду. Сүрөт

Мурдагы президенттин кызы жасаган эмгектерин борбордук аянттагы Айкөл Манастын эстелигинин алдына койгон.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. "Ала-Тоо" аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиеванын сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат.

Ал бул иш-чараны атасынын туулган күнүнө карата уюштурган. Жасаган эмгектерин Айкөл Манастын эстелигинин алдына койгон.

Көргөзмөгө Атамбаевдин үй-бүлөсү жана үзөңгүлөштөрү катышууда.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн 65 жашка толду, ал туулган күнүн темир тор артында өткөрүүдө.