Жума күнүнө карата аба ырайы

17-сентябрда өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Жума күнү айрым жерлерде туруксуз аба ырайы күтүлүп, кээ бир өрөөндөрдө жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +27…+32, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +30…+35, Таласта +26…+31 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +30…+32, Ош шаарында +33…+35 градуска жогорулайт.