ЖККУга мүчө өлкө башчылары видеотрансляциянын форматын талкуулап жатат. Видео

Душанбеде Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын башчылары чогулду. Россиянын президенти видео байланыш аркылуу кошулду.
Sputnik

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Душанбеде ЖККУнун саммити башталды. Мамлекет башчылары Улуттар сарайына келишти.

"Пул №3" Telegram-каналы уюмга мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери саммиттин форматын талкуулап жаткан видеону жарыялады. Алар түз эфирге эмнени чыгарып, эмнени чыгарбаш керектигин сөз кылышкан. Кадрдан талкууга Эмомали Рахмон, Касым-Жомарт Токаев, Садыр Жапаров, Александр Лукашенко жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышып жатканын көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, Россиянын президенти Владимир Путин тегерегиндеги кызматкерлерден коронавирус аныкталгандыктан обочолонууга кетип, Душанбеге барган жок. Бирок ал кесиптештери менен видеоконференция аркылуу байланышта болот.