330 миң доллар алып, мандат убадалаган. УКМК экс-депутатты кармады

Кармалган Ч.Р. аттуу экс-депутаттын инициалы өткөн жылы мандатын тапшырган Руслан Чойбековдун аты-жөнү менен дал келүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. 2020-жылкы парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаты мандатын убадалап 300 миң доллар алган деген шек менен "Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, экс-депутат Ч.Р. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Атайын кызмат парламенттик шайлоо кампаниясы учурунда жасалган дагы бир алдамчылык фактысы аныкталганын белгиледи.

"Ч.Р. арыз ээсинен алдамчылык жолу менен ири суммада акча алганы аныкталды. Ал депутаттык мандат алып берүүнү убадалаган. Тергөө иштеринин жана алынган далилдердин натыйжасында бүгүн, 16-сентябрда, Ч.Р. Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү ("Алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосун") боюнча шектелип кармалды. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Шайлдабекова: былтыр бийлик менен акчанын тиреши шайлоону талкалаган
УКМК бул ишке тиешеси бар бардык адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган иштер жүргүзүлөрүн эскертти.

Кармалган Ч.Р. аттуу экс-депутаттын инициалы өткөн жылдын июнь айында мандатын тапшырган "Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Руслан Чойбековдун аты-жөнү менен дал келүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин атайын кызмат БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимовду да кармаган. Ал 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо "Кыргызстан" партиясынын алдыңкы бештигине өткөрүүнү убадалап, 550 миң доллар алган деп айыпталууда.