Эмомали Рахмон Жапаровду "Улут сарайынан" тосуп алды. Сүрөт

ЖККУга мүчө мамлекеттердин президенттери учурашкан соң күн тартибин тар чөйрөдө талкуулоо үчүн жыйындар залына киришкен.
Sputnik

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн "Улут сарайына" келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Жапаров Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен "Улут сарайынан" учурашып, андан кийин ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары менен бирге сүрөткө түшүшкөн.

Андан соң уюмга катышуучу өлкөлөрдүн лидерлери күн тартибин тар чөйрөдө талкуулоо үчүн жыйындар залына киришкени кошумчаланды.

Эске салсак, Садыр Жапаров Тажикстанга ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына жана ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын отурумуна катышуу үчүн барган.