Россиянын ИИМи кыргызстандык кесиптештерине 17 транспорт каражатын берди. Сүрөт

ИИМ автоунаалар Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын техникалык базасын чыңдай турганын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Россиянын Ички иштер министрлиги кыргызстандык кесиптештерине 17 транспорт каражатын берди. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Жалпысынан Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү 15 унаа жана "Газель NEXT Автобус" үлгүсүндөгү эки кичи автобус тапшырылган.

"Жаңы унаалар министрликтин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын техникалык базасын чыңдайт, ошондой эле кызматкерлердин кылмыштын башка түрлөрүн да ачышына кызмат кылат", — деп айтылат маалыматта.

Ысык-Көлдө пилотсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча машыгуу башталды
Иш-чарага ИИМ башчысынын орун басары Октябрь Урмамбетов, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчи-элчиси Вадим Гусев, Россиянын ИИМинин Баңгизаттарды жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Борис Яковченко, РФтин Тышкы иштер министрлигинин Жаңы чакырыктар жана коркунучтар маселелери боюнча департаментинин баңгизаттарды көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык маселелери боюнча бөлүм начальниги Мария Вислогузова, Россия Федерациясынын ИИМинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын бөлүм начальниги Павел Юлин, Россиянын ИИМинин Кыргызстандагы өкүлү Владимир Лузганов катышкан.

Урмамбетов конокторго тыгыз кызматташтыгы жана колдоосу үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.