Коркпой-этпей алгыла! Мамакеев элди эмдөөдөн өтүүгө үндөдү

Мамакеев эмдөөдөн жазында эле өткөн. Министрлик учурда ал өзүн жакшы сезип жатканын айтып, вакцина алууга чакырган видеосун жаңы чыгарды.
Sputnik

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Дүйнө жүзүндөгү эң кары хирург Мамбет Мамакеев коронавируска каршы вакцина алууга үндөдү.

Белгилей кетсек, Мамакеев апрель айында Кыргызстанда россиялык "Спутник V" вакцинасы менен эмдөө башталганда алгачкылардан болуп алган.

Министрлик учурда ал өзүн жакшы сезип жатканын айтып, вакцина алган жана элди эмдөөдөн өтүүгө чакырган видеосун жаңы чыгарды.

"Бүгүн өзүңөр көргөндөй Россиянын вакцинасын алдым. "Спутник V" оорудан 94-96 пайыз эффективдүү коргойт деп айтып жатышат. Демек, бул табылган нерсе. Тагыраагы, муну алган киши оорубайт дейт. Кээси ооруп калса да жеңил өтөт деп айтып жатат. Эми аны турмуш көрсөтөт. Кытайдын вакцинасы (Sinopharm) да жаман эмес. Булар дүйнөдө элдик медицина боюнча биринчи орунда турат", — деген Мамакеев.

Кыргызстанга Түркиядан 150 миң доза Sinovac вакцинасы алып келинди. Сүрөт
Ошондой эле кадрдан ал дарыгердин ийнени бат эле сайып койгонуна таң калганын көрүүгө болот.

"Улукман аке катары жалпы кыргыз элине айтарым, акылдуу кишилер муну жылдап изилдеп чыгарып жатат, бир топ этаптан өткөрөт. Ошондуктан коркпой-этпей эмдөөдөн өтүү керек", — деди белгилүү хирург.

Учурда 94 жаштагы Мамбет Мамакеев бейтаптарды кабыл алып операция жасап келет. Ал дүйнөдөгү эң кары жана карьерасын улантып келе жаткан хирург катары Гиннестин рекорддор китебине кирген.