COVID интеллектини эмне үчүн жабыркатарын невролог түшүндүрүп берди

Когнитивдик жөндөмдүүлүктү калыбына келтирүүгө невролог жардам бере алат, бирок дарылоо майнаптуу болушу үчүн бейтап өз учурунда кайрылышы керек.
Sputnik

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Коронавирус мээнин кан тамырларына өзүнүн таасирин тийгизет. Бул тууралуу Sputnik радиосуна невролог Александр Будик айтып берген.

Коронавирустан айыккандар кандай илдеттерге чалдыгууда? Неврологдун жообу
Радионун эфиринде дарыгер аталган вирус менен ооругандан кийин адам интеллектисин кантип мурдагы абалында сактап калууга болот деген маселенин тегерегинде кеп козгогон.

Медиктер COVID-19 адамдын когнитивдик жөндөмдүүлүктөрүнө өзүнүн кесепетин тийгизерин белгилешкен. Медицина блогери, невролог аталган илдет мээге кан жеткирген функцияны бузарын айткан. Ал эми мындай нерсе адамдын интеллектисине өзүнүн таасирин тийгизери аныкталды.

"Башыбыздагы кан тамырлар мээнин кабыгына дарактын бутактары сымал жайылып барып жетет. COVID-19 учурунда жана андан кийин дал ушул кан тамырларда өзгөрүү пайда болот. Мээнин эң маанилүү деген бөлүктөрүнө кандын кадимки нормада жетиши үзгүлтүккө учурайт. Коронавирустан кийин адамдын каны коюуланып кетет, бул кандын жүгүрүшүнө өзүнүн терс таасирин тийгизет", – деп кошумчалаган Будик.

Когнитивдик функцияларды калыбына келтирүүгө невролог жардам бере алат, бирок дарылоо майнаптуу болушу үчүн бейтап өз учурунда кайрылышы керек.

Будик адиске эки ирет көрүнүүнү сунуштады. Алгач COVID-19дан айыккандан кийин, андан соң жалпы абалын текшертиш үчүн кайрылган жакшы болот.