Радио

Дөөткулова: пандемиядан улам үй-бүлө кургандардын саны азайган

Улуттук статистика комитетинин демографиялык статистика бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Назира Дөөткулова бул жылы Кыргызстандагы калктын өсүү темпи 1,7 пайызды түзгөнүн айтты.
Sputnik

Пандемияга байланыштуу үй-бүлө кургандардын саны кыскарып, балдар аз төрөлдү. Мындай маалыматты Назира Дөөткулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Дөөткулова: пандемиядан улам үй-бүлө кургандардын саны азайган

Анын айтымында, 2020-жылы өлкөнүн демографиялык өсүшү 2,1 пайызды көрсөткөн.

"Республиканын туруктуу калкынын саны 2021-жылдын 1-январына карата 6 миллион 637 миң адамды түздү. Кыргызстандагы калктын өсүү темпи ушул жылы 1,7 пайызды көрсөттү. Былтыркы жылга салыштырганда төмөндөп калды. Пандемияга байланыштуу үй-бүлө кургандардын саны азайып, төрөлүүнүн саны да төмөндөгөн. Миграция да ага негизги себеп болду. Ал эми былтыр калктын өсүү темпи 2,1 пайыз болду. Жалпылап алганда акыркы 20 жылда төрөлүүнүн көрсөткүчү өсүп келе жатат. Өзгөчө 2018-2019-жылдары ал рекорддук көрсөткүчкө жеткен", — деди Дөөткулова.

Ошондой эле адис быйыл 6000ге жакын адам жарандыгын алмаштырып, чет өлкөгө чыгып кеткендигин кошумчалады.