Бишкектин түштүк тарабында ири өрт чыкты. Видео

Курулуп жаткан имараттын жогорку кабаты өрттөнүп жатат. Объект Түштүк магистралдан алыс эмес Асанбай кичи районунда жайгашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Бишкектин түштүк тарабында курулуп жаткан имараттын жогорку кабаты өрттөнүп жатат. Бул тууралуу Sputnik агенттигине окуянын күбөлөрү билдирди.

Өрт бир аз мурда башталды. Окуяга күбө болгондордун айтымында, объект Түштүк магистралдан алыс эмес Асанбай кичи районунда жайгашкан.

ӨКМ маалымат тарата элек.