"Эл мени мэр катары көргүсү келет" деген Тагаев Ленин районуна аким болду

Муниципалитет буга чейин Тагаев суу жабдуу жана суу кетирүү тутумдары системасында иштегенин маалымдады.
Sputnik

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Русланбек Тагаев Ленин районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка калаа мэри Айбек Жунушалиев кол койгон.

Ош мэри Алмаз Мамбетов өзүнө жаңы орун басарларды дайындады
Муниципалитет буга чейин Тагаев суу жабдуу жана суу кетирүү тутумдары системасында иштегенин маалымдады.

Ал "Мекенчил" партиясынын мүчөсү. 2021-жылдын башында Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев отставкага кеткенден кийин мэриянын алдында Тагаевди колдоо митинги өткөн. Анда ал ЖМКларга "эл мени мэр катары көргүсү келип жатат" деп айтканы бар.

Райондун мурунку башчысы Мурат Осмонов башка кызматка которулганына байланыштуу иштен бошотулган.