Ош шаарында 120 орундуу бала бакча ачылды. Сүрөт

Ош калаасында бул учурда мамлекеттик 45, жеке менчик 25 бала бакча бар. Аларга жалпысынан 15 580 бөбөк барат.
Sputnik

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Ош шаарынын Туран муниципалдык аймактык башкармалыгында курулган 120 орундуу "Аймончок" балдар бакчасынын ачылышы болду. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Шаар жетекчиси Алмаз Мамбетов жаңы бала бакчанын ачылышы менен жергиликтүү тургундарды, бөбөктөрдү куттуктап, бакчага акылдуу доскаларды (интерактивдүү доска) белекке берди. Ал мэриянын приоритеттүү багыттарынын бири — билим берүү мекемелерин көбөйтүү экенин айткан.

"Баарыңыздарга белгилүү болгондой, Ош шаарынын бардык аймагында мектеп да, бала бакча да жетишсиз. Билим жайларынын тартыштыгынан бир класста саны нормадан ашык балдар окуп жатат. Бул маселелерди чечүү үчүн болгон аракетибизди жумшап, жыл сайын билим берүү мекемелерин куруп, пайдаланууга беришибиз керек", — деген Мамбетов.

120 орундуу "Аймончок" балдар бакчасы жергиликтүү казынанын эсебинен курулган.

Ош шаарында учурда мамлекеттик 45, жеке менчик 25 бала бакча бар. Аларга жалпысынан 15 580 бөбөк барат.