Ошто патрулдук милиция кишини муунткан. Окуянын чоо-жайы айтылды

Социалдык тармактарга патрулдук милициянын кызматкерлери кишини муунтуп жаткан видео тарады. Бул боюнча тартип сакчылары түшүндүрмө беришти.
Sputnik

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Автоунаадагы мас айдоочулар милициянын ишине тоскоолдук жараткандыктан аларга карата мыйзамдуу чара көрүлдү. Бул тууралуу Ош милициясынын патрулдук кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин соцтармакка патрулдук милициянын кызматкерлери кишини муунтуп жаткан видео тараган.

"14-сентябрда чакыруу түшүп, кызматкерлер жерине жөнөгөн. Айдоочу жол чырактын кызыл түсүнө өтүп кеткени үчүн токтотулган. Ал спирт ичимдигин колдонбогону аныкталды. Бирок автоунаадагы жүргүнчүлөр мас болгондуктан милициянын ишине тоскоолдук жараткан. Тартип сакчылары аларга карата мыйзамдын чегинде чара көргөн", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты учурда иликтенип жатканы кошумчаланды.